06:11
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ала-Тоо аянтындагы жаңы туу кайра түшүрүлүп, алмаштырылды

Ала-Тоо аянтындагы жаңы туу кайра түшүрүлүп, алмаштырылды. Аземге катышкан укук коргоо органдарынын кызматкерлери 24.kg агенттигинин журналистине билдиришкендей, эртең менен көтөрүлгөн желек айрылып калып, алмаштырууга туура келген.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын жаңыланган мамлекеттик туусун көтөрүү аземи болуп өттү. Ал өлкө президентинин катышуусуз болду. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, көз карандысыз ЖМКлардын өкүлдөрү чакырылган жок.

Белгилей кетсек, 1-январь күнү эртең менен Ала-Тоо аянтында жаңы желек көтөрүлгөн. Бирок социалдык медиа колдонуучулары жана 24.kg агенттигинин окурмандары желекке 40 эмес, 39 нур түшүрүлгөнүн санап чыгышкан. Нурлардын саны боюнча талаш бир нече күнгө созулду. Бишкектин мэриясы жана маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков желекте 40 нур бар экенин билдирген. Интернет колдонуучулары желек түшүрүлүп, оңдолгон вариантына алмаштырылган болушу мүмкүн экенин жазышты.

Эскерте кетсек, президент Кыргызстандын жаңы желеги жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдын демилгечилери парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Желекте толкун сымал нурлардын формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Экинчи Элдик курултайда мамлекет башчысы желекти өзгөртүү республикалык бюджеттен чыгымга алып келбей турганын билдирген.

Белгилей кетсек, 40 нур байыркы 40 уруунун биригиши деп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар