16:26
USD 89.43
EUR 96.98
RUB 0.98

Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу көтөрүлдү. Аземге президент катышкан жок

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын жаңыланган мамлекеттик туусун көтөрүү аземи болуп өттү. Ага өлкө президенти катышкан жок. Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтүп, көз карандысыз ЖМКлардын өкүлдөрү чакырылган жок.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Садыр Жапаровдун келбегенинин себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, «жаңыланган желекте кардиналдуу өзгөрүүлөр болгон жок, негизги идея сакталып, анча-мынча техникалык түзөтүүлөр гана киргизилди. Буга байланыштуу иш-чараны мамлекет башчысынын катышуусуз өткөрүү чечими кабыл алынган».

Белгилей кетсек, 1-январь күнү эртең менен Ала-Тоо аянтында жаңы желек көтөрүлгөн. Бирок социалдык медиа колдонуучулары жана 24.kg агенттигинин окурмандары желекке 40 эмес, 39 нур түшүрүлгөнүн санап чыгышкан. Нурлардын саны боюнча талаш бир нече күнгө созулду. Бишкектин мэриясы жана маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков желекте 40 нур бар экенин билдирди. Интернет колдонуучулары желек түшүрүлүп, оңдолгон вариантына алмаштырылган болушу мүмкүн экенин жазышты.

Эскерте кетсек, президент Кыргызстандын жаңы желеги жөнүндө мыйзамга кол койгон. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 20-декабрында кабыл алынган. Мыйзамдын демилгечилери парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Желекте толкун сымал нурлардын формасы түз болуп өзгөртүлдү.

Экинчи Элдик курултайда мамлекет башчысы желекти өзгөртүү республикалык бюджеттен чыгымга алып келбей турганын билдирген.

Белгилей кетсек, 40 нур байыркы 40 уруунун биригиши деп эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар