Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев туунун өзгөрүшү боюнча комментарий берди. Ал Facebook баракчасына жаңы туунун сүрөтүн киргизип, билдирүү калтырган.
«Мекен баарынан ыйык. Аны көздүн карегиндей сактап, эгемен мамлекетибизди өнүктүрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Башкысы ынтымак жана биримдик болуп, түндүгүбүздөн күндүн нуру төгүлүп турсун. Ар бир таңыбыз сүйүнүчкө толуп, желегибиз бийиктерде желбирей берсин!», — деп жазган спикер.
Посттун алдына социалдык тармактын колдонуучулары комментарий калтырышып, демилгени сындагандар жана айыптагандар көп болду. Кыргызстандыктар нааразычылыгын жазып, желекти алмаштырууга каршы экендигин билдиришкен. Комментарий жазгандардын арасында активисттер, саясатчылар жана башка коомдук ишмерлер дагы бар.
Нурланбек Шакиев постунун алдына комментарий жазууга чектөө киргизип, алкаган пикирлерди гана калтырды. 200 комментарийдин ичинен 80 гана калды.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун талкуусуз үч окууда кабыл алышты.
Тууну өзгөртүүнү 59 депутат колдоп, бешөө каршы добуш берди.
Тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси өлкө башчысы Садыр Жапаровго таандык. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов сунуштаган.
Белгилей кетсек, демилгеде туунун ортосундагы күн нурлары толкун сымал эмес, түз болуп көрсөтүлгөн жана чамгарактар үчөө эмес, төртөө болот деп белгиленген. Авторлордун айтымында республикалык бюджеттен эч кандай чыгым кетпейт.