18:54
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тууну өзгөртүүгө каршы акция. Активист Афтандил Жоробеков кармалды

Активист жана социалдык тармактагы «Беспредел.kg» баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков кармалды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Белгилей кетсек, ал 9-декабрда Максим Горький атындагы гүлбакта мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөрүүнү демилгелеп жаткан.

скриншот
Фото скриншот. Афтандил Жоробеков кармалганын билдирди

Ошондой эле укук коргоочулар Афтандил Жоробековдун үйүндө тинтүү болгонун билдиришти.

скриншот
Фото скриншот. "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун директору тинтүү тууралуу жазды

Буга чейин активист УКМКга суракка чакырылып кармалганы, бирок кийинчерээк кое берилгени кабарланган. Ал ошондой эле өткөн ишембиде желекти коргоо боюнча автожарыш уюштурган. Бирок милиция кызматкерлери тоскоолдук кылып, акция болбой калган.

Буга чейин парламент мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 66 депутат макул, 8 депутат каршы добуш берген.

Кыргызстанда мамлекеттик тууну өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып жатат. Эскерте кетсек, желекти өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Демилгечилердин айтымында, күндүн нурларын түздөө желекти жакшыртууга багытталган. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары бул сунушка макул эмес.

Мамлекет башчысы да бул тууралуу өз пикирин билдирген. Садыр Жапаровдун айтымында, ал негизинен идеяны колдойт. Тууну өзгөртүү демилгесин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да жактырган. Ал «желек күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги бериш керек» деп эсептейт.

Эң көп окулган жаңылыктар