00:25
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы экенин билдирди

интернет
Фото интернет. Жоламан Шаршенбеков

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, алдыдагы мелдештерде мурдагы тууну гана көтөрүп чыгарын айтты. Бул жөнүндө ал журналисттерге билдирди.

«Мен тууну өзгөртүүгө каршымын. Буга чейин желек өзгөртүлсө чыгым болбойт дешпеди беле. Менде эски желек бар. Жаңы сатып албайм. Алдыда эски желекти гана көтөрүп чыгам», — деди ал.

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда карап, талкуусуз кабыл алган. 59 депутат макул, 5 депутат каршы добуш берди.

Эң көп окулган жаңылыктар