23:33
USD 87.70
EUR 95.02
RUB 0.97

Блогер Паша Глобус Кыргызстандын туусун өзгөртүүгө каршы флешмоб баштады

Белгилүү блогер-саякатчы Паша Глобус социалдык тармактарда тууну өзгөртүүгө каршы флешмоб баштады. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

«Желектин жаңы версиясынын тикенектүү нурлары түндүктөн качып, аны бөлүп жатат. Ошондой эле жаңы нур күн караманын данын элестетет. Ал эле эмес бүтүндөй күн карамага окшош», — деп айтылат видеодо.

Посттун астына өлкөнүн учурдагы желегин колдогон 2 миңден ашык комментарий жазылды.

Буга чейин парламент мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 66 депутат макул, 8 депутат каршы добуш берген.

Кыргызстанда мамлекеттик тууну өзгөртүү маселеси кызуу талкууланып жатат. Эскерте кетсек, желекти өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыккан. Демилгечилердин айтымында, күндүн нурларын түздөө желекти жакшыртууга багытталган. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары бул сунушка макул эмес.

Мамлекет башчысы да бул тууралуу өз пикирин билдирген. Садыр Жапаровдун айтымында, ал негизинен идеяны колдойт. Тууну өзгөртүү демилгесин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да жактырган. Ал «желек күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги бериш керек» деп эсептейт. 

Эң көп окулган жаңылыктар