19:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Экономика министри туристтерге сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев туризм тармагын өнүктүрүүнү колдоо максатында Кыргызстанга келген конокторго сый-урмат менен мамиле кылууга чакырды. Министрдин кайрылуусу мекеменин сайтына жайгаштырылган.

Ал жыл сайын 40 миллионго жакын турист барган БАЭ менен Түркиянын шаарларын мисал келтирди. Данияр Амангелдиевдин пикиринде, ар бир чет өлкөлүк студент же турист түз инвестор болуп эсептелет.

Данияр Амангелдиев ар бир турист короткон акча туристтик тармакты өнүктүрүүгө жумшаларын кошумчалап, туристтерге болгон мамилени жакшыртуу тармактын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, бардык өнүгүп келе жаткан өлкөлөр туристтердин чоң агымын тартууга жана бул үчүн зарыл шарттарды түзүүгө умтулушат.

Чиновник эл аралык студенттерге жана туристтерге урмат-сый менен мамиле кылуудан баштоо керектигин, бул жергиликтүү туризмге дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга өбөлгө түзөрүн белгиледи. «Ар бир туристтен калган акча туризм тармагын өнүктүрүүгө жумшаларын түшүнүшүбүз керек. Биз туристтерге болгон мамилени өзгөрткөндө, тармак алдыга жылат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар