05:10
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды.

Буга чейин мамлекет башчысы министрлер кабинетинин түзүмүнө өзгөртүү киргизген. Ага ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарларынын бири Айыл чарба министрлигинин башчысы болуп саналат. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков ээлеген кызматынан бошотулуп, эми мекемени Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин кызматына дайындоого Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар