USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкектеги жана башка шаарлардагы жаңы жылдык балатылар быйыл кандай кооздолду

14:38, 25 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын дээрлик бардык ири шаарларында жаңы жылдык балатылар орнотулду. Биз алардын сүрөттөрүн жана видеолорун чогулттук.

15-декабрда Бишкектеги Ала-Тоо борбордук аянтында бийиктиги 32 метрге жеткен өлкөнүн башкы балатысы жандырылды.

Оштогу балаты дагы борбордукунан кем калышпайт. Шаардын жашоочулары аны 22-декабрда көрүштү. Быйыл анын узундугу 28 метрди түздү.

Түштүк борбордогу балаты

Баткендеги 17 метрлик балаты көптөргө жакты.

Нарындын башкы аянтындагы жаңы жылдык балаты ушундай көрүнөт.

Балаты

Жалал-Абад шаарынын мэриясы жаңы жылга карата Эркиндик аянтын кооздоду.

Караколдо дагы жаңы жылдык балаты орнотулду. Айрымдар аны Бишкектеги башкы балатыга караганда кооз деп табышты.

Канттагы жаңы жылдык балаты дагы жакшы кооздолгон.

Канттагы балаты

21-декабрда шаардын борбордук аянтында Токмоктун башкы балатысы жандырылды.

Жаңы жылдык маанайы жоктор үчүн кеңеш — шаарыңыздын кооздолгон көчөлөрүндө, парктарында жана гүлбактарында сейилдеңиз. Сизди кубандыра турган көп нерсе көрөсүз деп ойлойбуз.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика