00:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда акыркы үч жылда 77 миңден ашуун жумуш орду түзүлдү

Акыркы үч жылда дээрлик 1 миллиард долларлык инвестиция менен 60 өнөр жай ишканасы ишке киргизилип, 77 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

«Биргелешкен күч-аракеттердин аркасында акыркы жылдары өндүрүштүн өсүү темптери байкалып, 5 жылдын ичинде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик 1,7 эсеге өсүп, 2022-жылга карата 435 миллиард сомду түздү. 2023-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча тармакта өсүү темпи 1,8 пайызга өсүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 428,2 миллиард сомду түздү. Жылдын аягында былтыркы көрсөткүчтөн ашып кетебиз», — деди министр.

Ал ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү стимулдаштыруу системасы кабыл алынып, мамлекеттик сатып алуулардын алкагында мамлекеттик органдар артыкчылыктуу тартипте ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн сатып алуулары керектигин билдирди.

Ошондой эле тигүү, энергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш материалдары жана фармацевтика сыяктуу тармактарда жаңы өнөр жай объектилери ачылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар