06:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду 2024-жылы ишмердигин баштайт

«Кийинки жылы Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду өз ишин баштайт деп ойлойм», — деди бүгүн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев.

Анын айтымында, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча долбоорлорду ишке ашырууга каралган Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун каражаттары толугу менен Улуттук банктын эсебине которулат. Бул фонддун ишин баштоого мүмкүндүк берет.

«Мындан тышкары, чакан жана орто бизнести колдоо үчүн своп-операциялар системасы каралган. Бул Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каражаттары Финансы министрлигинде улуттук валютага конвертация болот дегенди билдирет. Бул бизге келерки жылдан баштап чакан жана орто бизнести төмөнкү тарифтер менен каржылоого мүмкүндүк берет», — деди Данияр Амангелдиев

Эң көп окулган жаңылыктар