06:45
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Өзгөн шаарынын айланасында айланма жол курулат. Президент жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, азыркы учурда Бишкек — Ош жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Буга байланыштуу шаардын айланасында айланма унаа жолун куруу зарылдыгы келип чыкты.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жол инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү эң маанилүү багыт - мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө болуп саналат.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикке айланма жолду куруу боюнча зарыл болгон документтерди даярдоо жана министрлер кабинетинин кароосуна киргизүү тапшырылды.

Министрлер кабинети 2024-жылдын 30-январына чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде айланма жолду куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшү керек.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума