16:02
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстанда жыл башынан керектөө баалары менен тарифтер дээрлик 7 пайызга өстү

пайызгаКыргызстанда 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 2023-жылдын январь-ноябрь айларында керектөө баалары менен тарифтер 6,9 өстү. Бул тууралуу 12-декабрда Улуттук статистика комитети билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул аралыкта өлкөдө азык-түлүк эмес товарлардын баасы 11,9 пайыз, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиники 10,7 пайызга өссө, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 8,9 пайызга жогорулаган. Республика боюнча керектөө баалары менен тарифтердин максималдуу өсүүсү Нарын облусунда жана Ош облусунда катталган.

Октябрда Улуттук статистика комитети өткөн жылга салыштырмалуу быйыл январь-сентябрь айларында азык-түлүк баалары менен кызмат көрсөтүү тарифтери 5,7 пайызга өскөнүн билдирген. Анда да алкоголдук ичимдиктердин, тамекинин жана азык-түлүк эмес товарлардын баалары эң көп жогорулаганы белгиленген.

Кийинчерээк Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен Казакстанда керектөө баалары эң көп жогорулагынын билдирген. Ага ылайык, 2023-жылдын январь-сентябрь айларында азык-түлүк Кыргызстанда 3,9 пайызга, Казакстанда 6,2 пайызга өскөн.

31-октябрда Улуттук банк Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 9,2 пайызга жеткенин, жыл башынан бери баалар 6,7 пайызга өскөнүн маалымдаган. Анда каржы мекемеси азык-түлүк баасынын өсүүсү жайлап, «кызматтар менен азык-түлүк эмес товарлардын баалары мурунку деңгээлде калып жатканын» билдирген.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 14,7 пайызды түзгөн. Улуттук банк 2023-жылдын жыйынтыгында инфляция 10-12 пайызды түзөт деп болжолдогон.

Эң көп окулган жаңылыктар