14:08
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Март айында ЕАЭБ аймагында Орусияда менен Белоруссияда баалар жогору болду

2022-жылдын мартында мурунку айга салыштырмалуу ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин бардыгында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, баалардын өсүүсү боюнча Орусия алдыга чыкты. Бул өлкөдө бир айда инфляция 7,6 пайызды түздү. 

Орусияда азык-түлүк эмес товарларга 12,9 пайызга жана азык-түлүк товарларга 5,8 пайызга нарк өскөн. 

Ошол эле мезгилде, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын максималдуу өсүүсү  8,9 пайызга Беларусияда катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар