20:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда кышкысын электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн

Трансформаторлорду өчүрүп, кайра күйгүзүү керек болсо, кышта электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ноябрь айы жылуу болуп, кышка даярдык көрүүгө шарт түзүлдү.

«Мезгил-мезгили менен биз трансформаторлорду өчүрүп-күйгүзүшүбүз керек, буга адатта бир саат, бир жарым саат кетет. Эгерде трансформациялык подстанция биздин объекттин жанында болсо, анда биз жарым сааттын ичинде бүтөбүз», — деп белгиледи министр.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу Токтогул суу сактагычында 500 миллион куб суу үнөмдөлдү.

Бул аба ырайынын жылуу болгонуна жана кошумча электр импортуна байланыштуу.

«Азыр биз 58 миллион киловатт электр энергиясын колдонуп жатабыз. Токтогул суу сактагычында 11 миллиард кубометр суу болот деп болжолдогонбуз, азыркы учурда ал жерде 11 миллиард 345 куб суу бар», — деп кошумчалады энергетика министрлигинин башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар