USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Олимпиада. Кыргызстандын курамасынын формасын иштеп чыгууга сынак жарыяланды

10:35, 05 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндары үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын параддык кийиминин дизайнын иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу социалдык тармактарда Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Ачык сынакка профессионал гана эмес, башталгыч дизайнерлер, студенттер жана баардык каалоочулар катыша алат.

Эң жакшы вариант үчүн жарандар социалдык тармактарда добуш бере алышат.

Конкурстун ар бир катышуучусу даяр эмгектерин визуалдык эскиздердин жыйнагы менен тапшырышы керек.

Табыштамалар 2024-жылдын 1-февралына чейин кабыл алынат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика