08:03
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Ахрор Иминов сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен тергөө абагынан бошотулду

Кыргызстандын Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов тергөө абагынан сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Сот Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого шектелген Иминовдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ал сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан чыгарылды.

Эскерте кетсек, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топту түзүү же ага катышуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

УКМКнын маалыматына караганда, Күрөш федерациясынын вице-президенти жүктөрдү ташуу жана логистика боюнча бир катар компаниялардын ишине, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн орток кассасы үчүн каражат (жалпы пайдадан болжол менен 30 пайыз) чогултууга катышкандыгы аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар