19:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бомба тууралу жалган маалымат тараткан окуучу табылды

Болжол менен саат 08:25 чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Алымкул Жакшылыков атындагы № 1 орто мектебине бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт Сокулук райондук милициясына катталып, териштирүү иштери башталган. Мектептин аймагы курчоого алынып, окуучулар мугалимдер менен эвакуацияланган.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары 2007-жылы туулган К.М. Э. аныкталып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Тергөө уланууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «адам өлүмүн же оор залал келтирүү коркунучун жараткан жардыруу, өрттөө же башка аракеттер тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо» беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланарын эскертти.

Эң көп окулган жаңылыктар