21:28
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Кыргыз басма сөзүнө жана журналистикасына 99 жыл болду

Бул жылы кыргыз басма сөзүнө жана журналистикасына 99 жыл болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргызстандын өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын чыгуусунун урматына белгиленген.1927-жылы гезит «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп алмаштырылган. 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гезитттин аталышы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн.

Республиканын дагы бир эски басылмасы — 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыккан «Слово Кыргызстана» гезити. Анын биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн, андан кийин «Крестьянский путь » деп аталып, 1927-жылдан «Советтик Кыргызстан» деп өзгөрөт. Ал эми 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деп аталып келет.


Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,9 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер болгон, акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 12 пайызга көбөйгөн. Алардын катарында «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо», «Вечерний Бишкек», «Кут-билим», «Супер Инфо», «Автогид» жана башка гезиттер бар.

158 көзкарандысыз телерадиокомпаниялар иштешет. Арадын арасында «Жаңы Телекөрсөтүү Тармагы» («НТС»), «Көзкарандысыз Бишкек Телекөрсөтүүсү» («НБТ»), «Пирамида» радиотехникалык борбору, «Европа» радиокомпаниясы жана башкалар бар.

«Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган, ал мезгилде республикада улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктаган мезгил эле. Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле жүзөгө ашырылган, бирок алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда басып чыгарылып келген.
1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 аталыштагы китеп жалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында басып чыгарылган. 1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмаканасы негизделген. Биринчи жылдын ичинде анда 26 аталыштагы китеп жалпы тиражы 66 миңге жакын нускада басылып чыккан», — деп белгиледи мекеме.

30-жылдары ата мекендик китеп басып чыгаруу кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп өсүшү менен шартталган. 60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен «Кыргызстан», «Мектеп», «Илим», «Адабият» басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн. 2022-жылы жалпы тиражы 1 миң 367 нуска менен 1 миң 581 аталыштагы китептер басылып чыкты, алардын болжол менен 53пайызы кыргыз тилинде чыгарылган.

Эң көп окулган жаңылыктар