22:56
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Барчы ары». Депутат Азиз Турсунбаев журналистке орой жооп берди

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азиз Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналистине «Барчы ары» деп орой жооп берди. Анын бул кылыгы соцтармакта нааразычылыктарды жаратты.

Журналист Айзирек Иманалиева депутаттан «Ататүрк» эс алуу жайындагы жер аянтын мыйзамдуу түрдө алып албаганын сураган. «Сиз жерди мыйзамсыз алгансыз да, бул тууралуу эмне деп айтасыз?», — деп суроо узаткан ал.

Депутат «барчы ары» деген жоопту берген. Белгилей кетсек, 25-октябрда Kloop.kg «Ататүрк» паркындагы жер аянттары кантип бөлүнгөнү тууралуу иликтөөнү жарыялаган. Ал катуу талкууга алынды.

Жарандык активист Мелис Аспеков Facebook баракчасына флэшмоб жарыялады. Ал депутаттан журналисттен кечирим сурашын талап кылып, эгер талаптар аткарылбаса эртең саат 10до Ак үйдүн алдына митингге чыга тургандыктарын жазган. 

Буга чейин, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган.

Эң көп окулган жаңылыктар