23:31
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Бүткүл дүйнөлүк оюндар: Кыргызстан 80 өлкөнүн ичинен 13-орунду ээледи

Кечээ Сауд Арабияда өткөн үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк оюндар жыйынтыкталды. Бул тууралуу мелдештин сайтында маалымдалды.

Кыргызстандын курамасы жалпы командалык эсепте 13-орунду ээледи. Мелдеште спортчулар 14 медаль алышты: беш алтын, эки күмүш жана жети коло.

Уюштуруу комитетинин маалыматы боюнча, Бүткүл дүйнөлүк оюндарына 80 өлкөдөн 2,5 миң катышуучу барган.

Турнирдик таблицада биринчи орунду украиналык спортчулар ээледи. Экинчи орунда Сауд Арабия, үчүнчүдө казакстандык спортчулар жайгашты.

Белгилей кетсек, биринчи жана экинчи оюндарда кыргызстандыктар тогуз медалга ээ болушкан.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби