09:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

КМШдагы төрт өлкө укук үстөмдүгү боюнча рейтингге кирген жок

Эл аралык World Justice Project уюму түзгөн укук үстөмдүгү боюнча рейтингге мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Азербайжан, Армения, Тажикстан жана Түркмөнстан кирген жок.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен рейтингде Казакстан эң жогорку 65-орунга, Өзбекстан 78чи, Кыргызстан 103чү, Беларус 104чү жана Орусия 113чү орунга жайгашты.

Алдыңкы ондукка Дания, Норвегия, Финляндия, Швеция, Германия, Люксембург, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Эстония жана Ирландия кирген. Акыркы орундарга Ооганстан (140), Камбоджа (141) жана Венесуэла (142) жайгашкан.

Эл аралык World Justice Project уюму түзгөн бул рейтинг жарандардын, юристтердин жана укук тармагындагы эксперттердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун негизинде даярдалат.

Укук үстөмдүгү көрсөткүчү 2010-жылдан тарта чыгарыла баштаган. Анда мамлекеттердеги бийлик институттарынын ыйгарым укуктарынын чектелиши, коррупция деңгээли, тартип жана коопсуздук, негизги укуктардын корголушу, бийлик институттарынын ачыктыгы, мыйзамдардын аткарылышы, жарандык жана кылмыш иштериндеги сот акыйкаттыгы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн жетишкендиктери өлчөнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар