17:32
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

«Мадина» базарынын ээси Садыр Жапаровго кайрылды

«Мадина» базарынын ээси Турсунтай Салимов президент Садыр Жапаровго анын ишин өз көзөмөлүнө алуусун суранып кайрылды. Бул тууралуу социалдык тармактарда жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Юристтин айтымында, чынчыл ишкерлерди кармоо жана оор кылмыштарды жасады деген негизсиз айыптарды тагуу республиканын экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Кайсын Абакиров айрым маалымат каражаттарында Турсунтай Салимовдун колонияларды каржылаганы, мурдагы жана азыркы криминалдык авторитеттер менен тыгыз байланышта болгону тууралуу такталбаган жана туура эмес маалымат жарыяланганын белгиледи. Эскерте кетсек, буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы ишкердин Камчы Көлбаев менен байланышы бар экенин билдирген.

«Көрсөтүлгөн айыптоолор чындыкка дал келбейт, анткени Турсунтай Салимов өлкөбүздүн ири ишкерлеринин бири жана чынчыл салык төлөөчүсү, «Мадина» соода базарынын негиздөөчүсү жана ээси, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» коомдук бирикмесинин төрагасы, 2002-жылы «Бишкектин мыкты ишкери» наамын алган, 2001-жылы президенттин жарлыгы менен үчүнчү даражадагы «Даңк» медалы менен сыйланган», — деп белгиледи адвокат.

Турсунтай Салимовдун эч качан криминалдык элементтер менен байланышы болгон эмес, кылмыштуу топторду каржылаган эмес.

Кайсын Абакиров

Ошондой эле ал ишкердин жашаган жана иштеген жерин тинтүү учурунда эч нерсе табылбаганын жана алынбаганын билдирди.

Юрист Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык сот гана күнөөлүү деп таба аларын жана күнөөсүздүк презумпциясы адамга негизсиз айып коюуга жол бербей турганын, оор кылмыштарды жасоодо далилдер талап кыларын белгиледи.

Жактоочу тарап бул учурда кылмыш окуясынын жана ишкердин аракеттеринде кылмыштын курамы жок экендигин, бул жагдай тергөөнүн жүрүшүндө далилденерин болжолдоодо.

Кайсын Абакиров бүгүнкү күнгө чейин республиканын укук коргоо органдарына Турсунтай Салимовго карата кылмыш жасалгандыгы боюнча эч кандай арыз түшпөгөнүн кошумчалады.

Эске салсак, 9-октябрда " Мадинанын" негиздөөчүсүнө Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси «уюшкан топ түзүү же ага катышуу» боюнча айып тагылган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 4-декабрга чейин камакка алган. Эртеси Турсунтай Салимов «Бикард» жеке клиникасына дарыланууга которулган.

Эң көп окулган жаңылыктар