Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган 51,2 миң адам катталды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борбору билдирди.
Мекеме өлкөдө психикалык оорулар жана психоактивдүү заттарды колдонуунун терс кесепеттери тууралуу калкка маалымдоо боюнча иштер башталганын эскертти.
«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 450 миллиондон ашык адам психикалык же неврологиялык оорулардан жапа чегишет», — деп айтылат маалыматта.