16:11
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова утулуп, Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыргызстандык балбандар Айпери Медет кызы жана Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында чейрек финалынын беттештерин өткөрүштү. Бул тууралуу чемпионатттын сайтында маалымдалды.

Айпери Медет кызы (76 килограммга чейин) вьетнамдык спортчу менен күрөшүп жеңишке жетти. Ал эми Айсулуу Тыныбекова (62 килограммга чейин) япониялык атаандашына утулуп калды.

Жарым финалга Айпери Медет кызынан тышкары Бекзат Алмаз уулу да чыкты.

Нурзат Нуртаева (68 килограммга чейин) 1/2 финалга чыгуу үчүн казакстандык спортчу менен күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар