14:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

AI уюмунун баш катчысы «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамына вето коюуга чакырды

Amnesty International (AI) эл аралык уюмунун баш катчысы Аньес Калламар Кыргызстандын парламенти кабыл алган «чет өлкөлүк өкүл» мыйзамына вето коюуга чакырды. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.

Анда баш катчы Аньес Калламар президент Садыр Жапаровду өлкөнүн өнүүсүнө салым кошуп жаткан жарандык коомго терс таасирин тийгизе турган мыйзамга вето коюуга үндөгөн.

«Мен президент Жапаровду Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын аны менен жолугушуу сунушуна оң жооп берүүгө жана мыйзамга вето коюп, кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоого чакырам», — деди Калламар.

Уюмдун баш катчысы өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар эл аралык өнөктөштөрдүн каржылык жардамы менен аялдар укугу, аймактардын өнүгүүсү, таза суу, медициналык кызмат жана майыптыгы бар адамдарга жардам берүү сыяктуу иштерди аткарып жатканын белгилеген.

14-мартта «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» же «Чет элдик өкүл» деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынды. Мыйзамда айрым жарандарга «Чет элдик өкүл» деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт берип турушу керек.

Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырып жатышат. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өттү. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар