18:29
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш министрлер кабинети тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-октябрдагы отурумунда «Министрлер кабинети тууралуу»,  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу» жана «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.

Мыйзам долбоорун караган профилдүү комитеттин мүчөсү жана мыйзамдын автору Аалы Карашев долбоорго бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдады. Анын айтымында, өзгөртүүлөргө ылайык, министр боло турган адамдарга төмөнкүдөй талаптар коюлат:

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда 10 жылдык тажрыйбасы, анын ичинде беш жылын жетекчи кызматтарда иштеген болушу керек;
  • Дайындоого чейин мүлкү тууралуу декларацияны Министрлер кабинетинин төрагасына берүүгө тийиш;
  • Бизнеси бар адам өкмөт мүчөсү боло албайт;
  • Министрлер кабинетинин мүчөсү административдик ресурсту пайдалана албайт;
  • Министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш иши баш прокурордун макулдугу менен козголот;
  • Өкмөттүк аппараттын иши президенттик администрацияга жүктөлөт;
  • Жогорку Кеңеште бир гана өкүл — президенттин өкүлү болот;
  • Министрлер кабинети мамлекеттик бюджет тууралуу Жогорку Кеңешке отчет берет. Парламент отчетко канааттанбаса, алардын жоопкерчилигин президент карап чыгат.

Аалы Карашев белгилегендей «Министрлер кабинети тууралуу» мыйзам долбоорунун 1-беренесинде «Аткаруу бийлигинин башында президент турат» деп жазылган.

Мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга министрлер кабинетинин төрагасынын 1-орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров да маалымат берүүдө.

Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык «Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы болуп ага чейинки премьер-министр Улукбек Марипов дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар