03:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан менен Кытай ишкерлери $150 миллиондук меморандумдарга кол коюшту

Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Пекин шаарына (Кытай) болгон жумуш сапарынын алкагында, КЭРдин Чет элдик ишканалар ассоциациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги тарабынан уюштурулган ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик кызматташуунун келечеги, экспортту илгерилетүү, аймактык интеграция жана экономиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ал эми панелдик сессиялардын катышуучулары болсо Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын 10дон ашуун өкүлдөрү жана Кытайдын ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндөгү 80 компаниянын өкүлдөрү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана ишкерлеринин ортосунда $150 миллиондон ашуун сумманы түзгөн өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумдарга кол коюлду:

— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Кытай Эл Республикасынын Чет өлкөлүк ишканаларды өнүктүрүү ассоциациясы;

— Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Гуандун провинциясынын курулуш материалдары ассоциациясы;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Шандонг электрик технологиясы компаниясы;

— Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматы менен China power international компаниясы;

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз геология» мамлекеттик ишканасы менен Шиндзи Шанхай өнөр жай корпорациясы;

— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз геология» мамлекеттик ишканасы менен Дэарши компаниясы.

Бакыт Төрөбаев бул иш-чаранын эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки мамлекеттин ортосундагы ишкер мамилелерди чыңдоо үчүн маанисин белгиледи. Панелдик сессия ишкерлерге кызматташтыкты активдештирүүгө, ийгиликтүү жана жемиштүү G2B жолугушууларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар