11:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чет элдик тасмалар эми кыргызча субтитрлер менен көрсөтүлөт

Кыргызстандык көрөрмандар 2024-жылдын жаз айынан тарта чет элдик тасмаларды кыргызча субтитрлер менен көрө алышат. Бул тууралуу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Толобеков билдирди.

Анын айтымында, кино борбору мындай мүмкүнчүлүк тууралуу чет өлкөлүк кинолордун ири дистрибьюторлору менен макулдашкан.

«Чет элдик фильмдерди кыргыз тилине дубляждоо маселесинде биринчи кадам жасалды. Субтитр биринчи этаптагы оптималдуу вариант, анткени дубляж жана синхрондуу үн менен которуу чоң бюджетти талап кылат», — деди Талантбек Толобеков.

Эң көп окулган жаңылыктар