Орусия издөөдө жүргөн Finiko каржы пирамидасынын уюштуруучусун Кыргызстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратуранын сайтында маалымдалды.
Орусиянын көзөмөл органы Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Чолпон Айдарованы кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берүү өтүнүчүн канааттандырганы белгиленет.
Шектүү Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин «кылмыштуу шериктикти уюштуруу (кылмыштуу уюм) же ага катышуу» жана «алдамчылык» беренелери боюнча айыпталууда.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, ал оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган уюмдун ишине катышкан жана «финансылык пирамида принцибинин негизинде «Финико» (Finiko) компаниясынын атын жамынып иштеген».
Орусиянын Башкы прокуратурасы Чолпон Айдарова топтун аймактык жетекчиси болгонун, анын мүчөлөрү Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн мезгилде 100дөн ашуун жарандын 1,2 миллион доллар жана 5,7 миллион сом акча каражатын ээлеп алганын билдирди.
Мындан тышкары, ал кылмышкерлер тобу менен биргеликте эки жарандын ишенимине кирип, бир топ акчасын уурдап кетишкен.
25-апрелде Орусиянын Башкы прокуратурасы Finiko каржы пирамидасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысына экстрадициялык текшерүү уюштуруп, эл аралык издөөдө жүргөн аялды камакка алуу бөгөт чарасы тандалган.
Буга чейин өткөн жылдын декабрь айында Грузияда ишкананын Бишкектеги филиалынын негиздөөчүлөрүнүн бири кармалганы маалымдалган.
2022-жылдын ноябрынын аягында каржы пирамидасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Эдвард Сабиров Дубайда кармалган. Уюмдун мүчөлөрү жогорку пайыздарды төлөп берүүнү убада кылып, жасалма капчыктар аркылуу биткойндорго акча салууну сунушташкан.
Орусиянын Башкы прокуратурасынын иликтөөсүнүн маалыматы боюнча, 2019-жылдын августунан 2020-жылдын декабрына чейин Finiko компаниясынын өкүлдөрү криптовалюта жана башка соода аянттарында натыйжалуу соода жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, 70 миллион рублга жакын табышкан. Мындан тышкары, бул ишкананын өкүлдөрү жогорку пайыздар менен акча табууга же мүлк алууга шарт түзгөн ар кандай программаларга каражаттарды кабыл алуу тууралуу маалыматтарды таратышкан.