20:20
USD 89.12
EUR 95.72
RUB 0.95

ИИМ: каржы пирамидасынан келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашты

Ички иштер органдары тарабынан каржы пирамида фактылары боюнча 217 кылмыш иши соттук кароого жиберилип, 98и боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМДин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каржы пирамидасына байланыштуу кылмыш фактыларынын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында катталган.

Жабырлануучулардын жалпы саны 350 адамдан, келтирилген материалдык чыгым 68 миллион сомдон ашкан. Ал эми кылмыш иштери боюнча жалпысынан 40 адам жоопко тартылган.

«Каржы пирамида каржы алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Алар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашырып иш алып барышы мүмкүн. Ошондуктан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурун кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок. Жана эсиңизде болсун, чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелдиктерсиз болбойт!», — деп белгиледи ИИМ.

Эң көп окулган жаңылыктар