05:51
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Шаардык сот Олжобай Шакирди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту Олжабай Шакирдин адвокаттарынын аны камакка алуу жана УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу биринчи инстанциянын чечимине карата даттануусун карады.

Материалдарды карап чыгып, сот бөгөт чарасы боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Өткөн аптада шаардык сот жазуучунун кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Олжобай Шакир өзү сот отурумунда ага карата козголгон кылмыш ишин негизсиз деп эсептээрин айтып, ага коюлган айыптар менен макул эместигин белгиледи.

Эске салсак, журналист Олжабай Шакирди 23-августта УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерин Активдүү баш ийбөөгө чакырган, массалык башаламандык уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталууда.

Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума