23:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бир жума ичинде өлкөдө 19,8 миң жол эрежелерин бузуу фактылары катталды

 2023-жылдын 11-сентябрынан 17-сентябрга чейин 19 миң 800 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен белгиленген ыламдыктан ашуу эң көп катталган — 4849 учур. Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу (3001) жана жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуу (825) дагы эң көп бузулган жол эрежелери болгон.

Ошондой эле:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу — 253

-Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу — 301;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-33;

-Авто ээнбаштык — 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 607.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1397 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короосуна токтотулган.

Эң көп окулган жаңылыктар