19:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айыптын кошумча тууму алынып салынды

Бүгүнтөн баштап жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулдардын кошумча тууму алынып салынды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алар «Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, буга чейин жол эрежесин бузган айдоочу айып пулду өз убагында төлөбөгөн учурда ага кошумча туум кошулчу. Бүгүнтөн баштап айдоочу негизги сумманы гана төлөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар