21:16
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Ошто 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес

Ошто 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ош шаарынын билим берүү мекемелерине бир ай көзөмөл жүргүзүлөт.

Мектептерге, бала бакчаларга суу жеңчелерин, түтүктөрүн, өрт өчүрүүчү каражаттарды калыбына келтирүүгө жана башка кемчиликтерди жоюуга убакыт берилди.

«Ошондой эле мугалимдер менен бирге тарбиячыларга жана окуучуларга өрт коопсуздугун алдын алуу жана болтурбоо максатында профилактикалык түшүндүрүү иштери жүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар