Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курук-Сай айылында 45 турак жайдын короосун жана 4 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, ӨКМдин жергиликтүү башкармалыгына катуу жааган жамгырдын кесепети тууралуу маалымат кечээ, 21-апрелде келип түшкөн.
«Аталган аймактагы кырдаалды жөнгө салууга 65 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштарын башташты. Мындан сырткары жарандык коргонуу кызматтарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 инженердик техникасы тартылып, ички жолдор,сел өтүүчү каналдар, коро-жайлар тазаланууда», — деп белгиледи ӨКМ.