01:45
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

УКМК: акча опузалоо үчүн соттолгон Мелис Аспеков коомчулукту адаштарып жатат

Сот тарабынан опузалоо боюнча күнөөлүү деп табылган жана соттолгон активист Мелис Аспеков коомчулукту адаштырып жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Мелис Аспековго УКМК тарбынан мурда алынган 10 миң доллар жана 15 миң сомдун кайтарылышынан кийин ал соцтармактарда өзүнүн күнөөсүз экенин билдирген.

УКМК 2021-жылдын январь айында Мелис Аспеков менен Улан Жураевге карата опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, андан соң алар кармалганын эске салды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Аспеков менен Жураев президент Садыр Жапаровго жакын адамдардан экендигин айтып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарынан 250 миң доллар опузалап, мамлекеттик ишкананын ишин укук коргоо органдарына текшертип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутканы аныкталган.

Иликтөөдөн кийин Мелис Аспеков менен Улан Жураевге козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Анын өкүмү боюнча 23-жылдын 2022-мартында Мелис Аспеков опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган.

Өкүмгө макул болбогон Мелис Аспеков жана анын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. 2022-жылдын 5-июлундагы соттук коллегиянын чечими менен Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган, бирок абак мөөнөтү бир жылга кыскарып, акыры алты жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Мелис Аспековго кайтарылган акча тинтүү учурунда алынган. Ал иштин далили эмес жана тергөө предметине тиешеси жок болчу. Айыптоо өкүмү күчүнө киргенден кийин мыйзам талаптарына ылайык ага кайтарылган», — деп түшүндүрдү УКМК.

Мекеме Мелис Аспеков опузалап акча талап кылуу жана алдамчылык үчүн күнөөлүү деп табылып, соттолгонун жана ага тиешелүү мүлктүн кайтарылышын өзүн күнөөсүз катары көрсөтүп, коомчулукту адаштырып жаткандыгын билдирди.

«Кылмышкер Мелис Аспековдун фактыларды алмаштыруу жолу менен коомдо өзү жөнүндө пикирди өзгөртүүгө, өзүнө көңүл бурууга жана ал жасаган баналдуу кылмыш ишине саясий түс берүүгө болгон курулай аракеттери», — деп баса белгиледи атайын кызмат.

Активист президенттин «соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө» жарлыгы менен быйыл 23-майда абактан чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар