15:15
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Арменияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы
Фото Министрлер кабинетинин маалымат кызматы. Арменияда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны өттү

Цахкадзор шаарында министрлер кабинетинин төрагасынын Акылбек Жапаровдун катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Отурумга Армения, Беларусия, Казакстан, жана Россиянын өкмөт башчылары дагы катышты. Жыйындын жүрүшүндө биримдиктин 2030-2045-жылдарга чейинки стратегиялык өнүгүүсү, анын ичинде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн негизги милдеттери жана негизги багыттары жөнүндө декларациянын долбоору талкууланды.

Акылбек Жапаров интеграциялык байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана эмгек ресурстарынын эркин кыймылы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюунун жана ЕЭКке зарыл ыйгарым укуктарды берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кезексиз отурумдун жыйынтыгы боюнча өкмөт башчылары Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине 26-27-октябрда Бишкекте өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин алдыдагы отурумунда анын акыркы вариантын кароо үчүн Петербург декларациясынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырышты.

Эң көп окулган жаңылыктар