07:57
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргыз-казак чек арасында тыгын көбөйүүдө

«Абал начарлап, кыргыз-казак чек арасында тыгында турган унаалардын саны өсүүдө», — деп билдирди 24.kgге Кыргызстандын эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Игорь Голубев.

Анын айтымында, «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда алгачкы эки күндө айланма жолдон Кант цемент заводуна чейин тыгын көбөйгөн. Азыр ал айланып өтүүчү жолдун боюна чейин жетти.

"Кең-Булуң тараптан тыгын "Гавайи"эс алуу борборуна чейин жетип калды. Ал жерде адатта бош машиналар гана өткөрүлөт. Бирок азыр алар дагы өтө албай жатышат. Чалдовар бекетинде да тыгын көбөйүп жатат. Азырынча чечимдер же макулдашуулар тууралуу сөз боло элек«, — деди Игорь Голубев.

Эске салсак, «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинин алдында Кыргызстандан чыгууга кезекте 430га жакын унаа турат.

Өткөн сутка ичинде Казакстандан Кыргызстанга 274 автоунаа кирген.

Кыргызстан эч кандай чектөө киргизген эмес жана өткөрүү пункту күнүмдүк режимде иштеп жатат. Казакстандын бийлиги тыгындын себебин баңгизатка каршы операция жүргүзүлүп жатканы менен түшүндүрдү.

Эң көп окулган жаңылыктар