USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Сынга кулак салдыбы? Президент Жалал-Абадка жөнөкөй рейс менен учуп барды

17:01, 31 июля 2023, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна жөнөкөй рейс менен учуп барган. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» улуттук телеканалы даярдаган материалда айтылат.

Видеодо Садыр Жапаров менен бирге эконом-класс менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди дагы учканын көрүүгө болот.

«Садыр Жапаров жөнөкөй учакта эл менен люкс жана ыңгайлуу шарттарсыз Жалал-Абадка учкан. Эч ким президент менен бир учакта отурууну күтпөсө керек», — деп журналист комментарий берген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров чет өлкөгө иш сапарларына менчик учак менен учуп барып келет. Ал 20-сентябрда АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен учкан. Кышында Катарга Embraer Legacy 600 учагы менен барган. 16-мартта Анкарага Air X Chapter авиакомпаниясынын Embraer Lineage 1000 учагы аркылуу жеткен. Маалыматка караганда, бул учакта учуунун бир сааты 14 миң 850 доллар турат.

Коомчулук президенттин иш сапарларына кеткен чыгымдарды сындап келет.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика