23:33
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Мектептерге бомба коюлгандыгы боюнча билдирүүнү жиберген окуучу бала кармалды

УКМК Бишкектин мектептеринде бомба бар деген жалган билдирүүнүн авторун аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

28-29-мартта борбордун мектептеринин биринде бомба коюлгандыгын билдирген «телефондук террорист» 9-класстын окуучусу экендиги белгилүү болду. Ал бейбаштык менен мектептин электрондук почтасына abelozerov@inbox.ru деген фейк аккунттан жалган билдирүү жиберген.

Өспүрүм окуу процессин бөлүү максатында видео оюн аркылуу чет элдик аккаунт сатып алып, эки жолу мектептин электрондук дарегине анонимдүү кат жөнөткөн.

Шектүүнүн жашаган жеринде оперативдүү тергөө иш- чаралары жүргүзүлүп, табылган компьютердик техника жана уюлдук телефон экспертизага жөнөтүлдү.

Ата- энесинин катышуусу менен өткөн суракта окуучу күнөөсүн мойнуна алып, кылганына өкүнгөн. Анын бул сыяктуу дагы фактыларга тиешеси бар же жок экендиги текшерилип жатат.

УКМК кылмыш-жаза Кодексинин 259-беренеси (билип туруп даярдалып жаткан жардыруу, өрттөө же адамдардын курман болуу, же болбосо башка оор залал болуу коркунучун жаратуучу башка аракеттер жөнүндө жалган кабарлоо) боюнча бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар