12:14
USD 87.45
EUR 101.91
RUB 1.14

Парламент юристи Дайырбек Орунбековдун эл алдында кечирим суроосун талап кылды

Жогорку Кеңештин юристи Таттыбүбү Эргешбаева өзүнүн Facebook баракчасында президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбековдун чек арадагы чырда кыргыз жаранын күнөөлүү көрсөткөн билдирүүсүнө комментарий берди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар эки өлкө үчүн тең талылуу жана оор. Бул жагдайда президенттик администрациянын пресс кызматынын башчысы катары Дайырбек Орунбеков өзүнүн билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керек.

«Анын сөздөрү өлкөлөрдүн саясий позициясын жана коомдук образын чагылдырат. Бийлик өкүлдөрү этикалык нормаларды, жарандардын укуктарынын кол тийбестигин сактоого милдеттүү. Алар өздөрүнүн билдирүүлөрү, жасаган аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү жана текшерилген, ишенимдүү маалыматтарды бериши керек. Кырдаалды жөнгө салуу жана Тажикстан менен дипломатиялык мамилелерге көңүл буруу жаңжалдын күчөшүнө жол бербөөгө жана аймактагы тынчтыкты, туруктуулукту сактоого жардам берет. Президентинин администрациясы, ТИМ кырдаалды жөнгө салуу жана мүмкүн болгон терс кесепеттерди жумшартуу боюнча чараларды көрүшү маанилүү»-, деп жазган Таттыбүбү Эргешбаева.
Ал Баткен облусунун тургунун мас абалында жаңжал чыгарды деп далилсиз күнөөлөгөн. Бул нерсени жарандын ар-намысына шек келирген жалаа катары кароого болот. Мамлекеттик кызматчынын мындай аракеттери кызматтык жүрүм-турумдун этикалык ченемдерин жана принциптерин бузгандыгын көрсөтөт.

Эске салсак, Дайырбек Орунбековдун чек арадагы чыр-чатак боюнча айткандары Тажикстандын УКМКсынын позициясы менен дал келет.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, Ак-Сай айылыны жашоочулары Д.Ж. жана Д.А. өздөрүнүн жеке унаасында Ак-Сай — Көк-Таш жолунда кетип баратышкан. Ошол эле учурда, тажик жарандарына тиешелүү сегиз машинадан турган колонна Ворух анклавынан Ходжаи-Аалону көздөй баратышкан.
Тажикстандын жарандары кыргыз жаранынын унаасын кесип өтүүгө аракет кылган. Жыйынтыгында, Дача аймагында жогорудагы адамдардын ортосунда мушташ чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар