06:12
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Нигерде төңкөрүш аракети болду

Нигерде Президентттик гвардия өлкө башчысы Мохамед Базумдун бийлигине каршы төңкөрүш жасоого аракет кылды. Армия козголоңду колдогон жок.

Маалыматтарга караганда, Президенттик гвардия мамлекет башчынын резиденциясын тосуп алып, сүйлөшүүлөрдөн кийин Базумду коё бербей койгон. Президенттик аппарат азыр Базум жана анын үй-бүлөсүнүн абалы жакшы экенин билдирди.

Эл аралык басылмалар билдиргендей, Базум президенттик гвардиянын командири, генерал Омар Цяниди кызматтан алуу маселесин карап жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча дал ушул маселе козголоң чыгарууга себеп болгон.

Бул Мухаммад Базум бийликте турган кездеги экинчи жолку төңкөрүш аракети. 2021-жылдын мартында аскер бөлүктөрүнүн бири президенттик сарайды басып алууну көздөгөн. Окуя Базумдун инаугурациясына бир нече күн калганда болгон.

Батыш Африкадагы Нигер Франциянын мурдагы колониясы. Өлкө жаратылыш ресурстарына бай. Дүйнөлүк уран корунун 7% дал ушул мамлекетте.

Бул өлкөдө «Аль-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук уюмдары менен байланышы бар согушчан топтор бар.

Эң көп окулган жаңылыктар