06:03
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бир катар эл аралык каттамдар токтотулду

Кыргызстандын «Манас» аэропорту эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу он чакты туруктуу эл аралык каттамдар токтотулганын кабарлады. Ага ылайык:

Бишкек — Воронеж — Бишкек каттамы 3-апрелден 25-апрелге чейин;

Бишкек — Грозный — Бишкек каттамы 30-марттан 6-апрелге чейин;

Бишкек — Иркутск — Бишкек каттамы 1-апрелден 29-апрелге чейин;

Бишкек — Новосибирск — Бишкек каттамы 31-марттан 2-апрелген чейин учпайт.

5-апрелдеги Бишкек — Казань — Бишкек, 2-майдагы Бишкек — Краснодар — Бишкек, 30-апрелдеги Бишкек — Красноярск — Бишкек, 3-апрелдеги Бишкек — Сургут — Бишкек каттамдары токтотулду. Бул аба каттамдарын «Авиа Траффик» компаниясы жүргүзөт.

«China Southern Airlines» компаниясы Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү каттамын белгисиз мөөнөткө токтотту. Ал эми «Air Astana» компаниясы Алматы — Бишкек — Алматы каттамдарында айрым күндөргө чектөө киргизди. Ага ылайык:

29-марттан 29-апрелге чейин дүйшөмбү жана бейшемби, 31-марттан 28-апрелге чейин шаршемби, 30-марттан 30-апрелге чейин шейшемби жана жума күндөрү учак каттабайт.

«Манас» аэропорту аба каттамдар боюнча airport.kg сайтынан маалымат алууга чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар