00:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Башкы прокуратура Баткендеги үйлөрдү куруп жаткан курулуш компаниясын текшерет

Башкы прокуратура Баткендеги үйлөрдү куруп жаткан курулуш компаниясын текшерет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында мекеменин жетекчиси Курманкул Зулушев маалымдады.

Ал облустук прокуратура текшерүү жүргүзөрүн белгиледи.

«Биз жаңы эле маалымат алдык. Материалдар текшерилет», — деди ал.

Белгилей кетсек, журналист Эламан Карымшаков иликтөөсүндө Тажикстандын кол салуусунан кийин кыйраган үйлөрдү куруп жаткан «Аманат Курулуш» компаниясы 20 жаштагы студент балага катталып, кийин Давид Камбаровго өткөнүн аныктаган. Ал президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Тумановдун жакын адамы болуп саналат. 

Эң көп окулган жаңылыктар