03:33
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

USCIRF АКШ бийлигине Тажикстанга санкция салууну сунуштады

АКШнын Эл аралык дин эркиндиги боюнча комиссиясы (USCIRF) Мамдепартаментке диний эркиндиктин жетишсиздигинен Тажикстанга кысым көрсөтүүнү, зарыл болсо санкция салууну сунуштады.

USCIRF дүйнөдөгү диний укуктардын сакталышы боюнча жылдык отчетун жарыялады. Документте акыркы бир жылда дүйнөдө дин тутуу жана башка ишеним эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени айтылат. Комиссия АКШнын Мамлекеттик департаментине 17 өлкөнү дин тутуу эркиндиги боюнча “өзгөчө тынчсыздануу жараткан мамлекеттер” катары көрсөтүүнү сунуштады. Алардын арасында Тажикстан да бар. Баяндамада тажик бийлиги дин жана ишеним эркиндигине болгон укуктардын ырааттуу түрдө бузулушуна жол берип жатканы айтылат.

Баяндаманын авторлорунун пикиринде, Тажикстанда дин тутуу эркиндигинин абалы кейиштүү бойдон калууда: өлкө өкмөтү мусулмандарды репрессиялоону улантууда. Маселен, 18 жашка чейинки балдарга мечиттерге барууга тыюу салынган; диний билим алуу мүмкүн эмес; ажылыкка баруу үчүн жаш куракка чектөө киргизилген; аялдарга диний кийим кийүүгө, эркектерге сакал коюуга тыюу салынат; 2014-жылдан бери мечиттерде бийлик менен макулдашылган насааттар окула баштады.

Эң көп окулган жаңылыктар