13:21
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тажикстан уйгурларга каршы кампаниядан Кытайга көмөк көрсөтүүдө

Уйгур топтору Шинжаңдагы мусулман азчылыктарга карата Бээжиндин куугунтуктоосун Эл аралыш кылмыш соту иликтешин каалашат.

Бирок Кытай Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү болбогондуктан Гаага соту Бээжинге карата иликтөө баштай албайт. Ошол эле маалда Кытайга жардам берген башка өлкөлөргө, маселен, Тажикстанга тергөө жүргүзө алат.

Уйгур топторунун адвокаттары Эл аралык кылмыш сотуна кайрылып, Кытайга уйгурларды жөнөтүүдө тажик өкмөтү Бээжинге жардам бергенин аныктаган жаңы далилдерди беришти.

Андагы маалыматтарга ылайык, Тажикстанда жүргөн Кытайдын коомдук коопсуздук бюросунун мүчөлөрү тажик полициясына уйгурлар жашаган жана иштеген райондордо рейддерди өткөрүүнү сурашууда. Тиешелүү документтери жок уйгурлар 10 кишиге чейин чакан топ менен Кытайга депортацияланууда.

Документте акыркы 10-15 жылда Тажикстанда жашаган уйгурларын саны 3000ден 100гө чейин кыскарганы, алардын көбү Тажикстандан 2016-2018-жылдары кеткени айтылат.

Бул арада Тажикстан Түркиядагы уйгурлардын экстрадицияланышына көмөк көрсөткөн учурлар да болгон. «Эркин Азия» радиосу 2019-жылы кеминде үч уйгур Түркиядан Кытайга Тажикстан аркылуу кайтарылганын кабарлаган.

БУУнун болжолдуу маалыматына ылайык, Шинжаңдагы лагерлерде бери дегенде 1 миллиондой киши кармалууда.

Кытай бийлиги лагерлерди экстремизмге каршы күрөш алкагында түзүлгөн кесипке үйрөтүүчү борборлор деп атап, эл аралык коомчулуктун сындарын четке кагууда.

Эң көп окулган жаңылыктар