12:25
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстан эл аралык бизнес жана инвестиция жаатында ыңгайсыз өлкөгө айланууда

Октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда инвестициялык кырдаал өтө начар. Бул тууралуу Казак-немец университетинин профессору Рустам Бурнашев билдирди.

«Кыргызстанда өнөктөштөрү жөн эле жардам берүүдөн баш тартууда. Алар катаал жана прагматикалык тартипте иштөөдө», — дейт ал.

Октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда инвестициялык кырдаал өтө начар.

Рустам Бурнашев.

«Мындай мамиле өнөктөш өлкөлөрдүн жана бизнес-структулардын деңгээлинде дагы байкалууда. Бишкек менен мамлекеттер аралык мамиленин деңгээлин Россия менен Казакстан көрсөтүп жатат. Москва долбоорлорду каржылоону токтотту. Нур-Султан финансалык жардам көрсөтүү өтүнүчүнө жооп бере элек», — деди ал.

Рустам Бурнашев Жерүй менен Иштамберди кендерине кол салууну белгилейт.

«Болуп жаткан окуялардын себеби бир — белгисиздик. Өнөктөш өлкөлөр жана чет элдик инвесторлор кандай кепилдиктер бар экенин жана акча каражаты үчүн ким жооптуу экени белгисиз. Чет элдик ишкерлердин мүлкүн бүлүнткөндөр жоопко тартылуулары дагы күмөн», — дейт талдоочу.

Эгер кырдаалды терең карай турган болсок, учурдагы бийликтин мыйзамдуулугу чоң суроо жаратат.

Рустам Бурнашев

«Кыргызстанды учурда башкарып жаткандар алар өзүн-өзү дайындап алгандар», — дейт ал.

Кыргызстандагы учурдагы бүлүнтүүлөр, инвесторлорго кол салуулар өлкөнүн өнөктөш болуу ишенимин төмөндөтөт.

Рустам Бурнашев

"Балким өлкө бийлиги инвесторлор кетип калса, алардын мүлкү, ишканасы өлкөгө калат деп ойлошот. Бирок, алар өндүрүштү иштетип кете алабы?2, — дейт талдоочу.

 
Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума