16:36
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акча опузалап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмышкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, 1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды.

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 29-июнунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Атайын кызматтар жана укук коргоо органдары биргеликте уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттенүүнү улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар