15:59
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

БУУ: Украинада 700 миңге жакын киши таза суусуз калды

Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусунан улам Украинада 700 миңге жакын киши таза суусуз калды. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары Мартин Гриффитс Associated Press агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кеп Украинанын украин күчтөрү көзөмөлдөп турган жана Орусия басып алган аймактарынын тургундары жөнүндө болууда.

Херсондо суунун булганышынан улам сууга түшүүгө, балык уулоого, жаныбарларды сугарууга жана булактардан суу алууга тыюу салынган. Гриффитс БУУ буга чейин Украинанын көзөмөлүндөгү суу каптаган аймактардын 30 миң тургунуна жардам көрсөтүлгөнүн билдирди.

Орус аскерлери БУУнун өкүлдөрүн өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарга киргизген эмес. Херсон облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин түн ичинде Днепрдин оң жээгиндеги суу каптаган аймактарда суунун деңгээли 26 сантиметрге төмөндөгөнүн билдирди. Бул жакта 32 калктуу конуш суу алдында калып, 2716 адам эвакуацияланган.

Ишембиде Украинанын Ички иштер министрлиги алар көзөмөлдөгөн аймакта селдин кесепетинен төрт адам каза болгонун, 27си дайынсыз жоголгонун маалымдады. Ыктыярчылар учурда 300дөн ашуун адамдын тагдыры белгисиз экенин билдирүүдө.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-июндан бери Орусия көзөмөлдөгөн Херсон облусунун суу каптаган аймактарынан 1736 адам эвакуацияланганын кабарлады.

«Укргидроэнерго» ишканасынан билдиришкендей, Кахов суу сактагычында суунун деңгээли кескин азайып баратат. 11-июнь күнү таңкы саат 8ге карата көрсөткүч 9,35 метрди түзүп, бир суткада бир метрге, ал эми ГЭС бузулгандан бери жети метрге төмөндөгөн.

Днепрдин Түндүк Крым каналын суу менен камсыз кылган тилкелеринде да суу тайыздап жатат. Бул Орусия аннексиялап алган Крымды суу менен камсыздоодо көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар